Өспүрүмгө жыныс мүчөсүн көрсөткөн жаран Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө экени айтылды

Өспүрүмгө жыныс мүчөсүн көрсөткөн жарандын иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-апрелде кармалган К.С. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин "адепсиз жоруктар" беренеси менен айыпталган. Бул берене боюнча эркек адам беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Чүй облусунун Москва районунун прокуратурасы айыпталуучуну камакка алуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Бирок соттун чечими менен арыз канааттандыруусуз калтырылып, айыпталуучу К.С. үй камагына чыккан. Мамлекеттик айыптоо чечимге каршы Чүй облустук сотуна кайрылган. 20-майда бул иш боюнча тергөө аяктап, соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Бүгүн, 24-майда Чүй облустук соту тергөө аяктагандыктан прокуратуранын арызын караган жок. Биринчи соттук отурум 31-майга белгиленген. Учурда шектүү К.С. камакта", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Чүйдүн Петровка айылында дүкөнгө кирген кардар сатуучу кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн видеосу социалдык тармактарга жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан