
Ош облусунун Өзгөн районунда 17 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, маркумдун сөөгүн жергиликтүү тургундар аныкташкан.
Белгилүү болгондой, 17 жашар Т.К. аттуу бала Супа жайлоосунда жайылып жүргөн мал-жандыктарын кароо үчүн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Бул тууралуу 24-майга караган түнү саат 01:00дө өспүрүмдүн жакындары куткаруучуларга билдиришкен.
Бүгүн издөө иштерин жүргүзүү үчүн 5 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар жеткенге чейин баланын денесин жергиликтүү тургундар табышкан.