Ири суммадагы насыя алып берүүнү убадалаган. Бишкекте 19 жаштагы жаран алдамчылыкка шектелүүдө

Бишкекте 19 жаштагы жаран ири суммадагы насыя алып берүүнү убадалап, көрсөтө турган жардамы үчүн алдын ала акча алып качып кеткенге шектелүүдө. Бул туурасында Октябрь РИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 18-майда шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызда 20-апрелде Д. аттуу адам 850 миң сом насыя алып берүүгө жардам берерин убадалап, алдын ала 31 миң 500 сом акча алып изин жашырып кеткени айтылган.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 209-берене (алдамчылык) менен каттоого алынып, тергөө иштери башталган.
"Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө 2003-жылы туулган Т.Д. кармалып, Октябрь райондук соту тарабынан СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар, жогун тактоо иштери жүргүзүлүүдө", - дешти маалымат кызматынан.
Эгерде сүрөттөгү жарандан зыян тарткандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(559) 085-959, 0(702) 169-999 же 102.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан