реклама
super.kg logo

Дубайда алдыңкы брокерлердин бири болгон кыргыз жигити: "Кытай, англис тилин үйрөнгүлө!"

 

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын маек төрүндө Дубай шаарында алдыңкы брокерлердин бири болуп эмгектенип жаткан кыргыз жигити Эрмек Такырбашев болмокчу. Ал өзүнүн айтылуу Дубай шаарындагы жашоосу тууралуу баяндап берди.

- Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

- Мен Такырбашев Эрмек, 1991-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жолколот айылында төрөлгөм. Бала кезим айылда эле өттү, кийин Бишкекте Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетинин араб тили факультетинде билим алгам.

- Учурда кайсы өлкөдө, шаарда жана кайсы тармакта эмгектенип жатасыз?

- Учурда мен Бириккен Араб Эмиратынын Дубай шаарында кыймылсыз мүлктөр боюнча агенттикте иштейм, тагыраак айтканда брокерлик компанияда. Өз кесибимди жумушум менен айкалыштырып келем. Негизинен айтканда жаңыдан курулуп жаткан турак жайлар менен иштейм. Анткени бул кардарларга да жеңил. Бөлүп төлөгөнгө ыңгайлуу. Экинчи колдон алынган үйлөр менен иштөө кичине узун процессти талап кылат. Мындай учурда кардарлар турак жайдын акысын 100 пайыз төлөөгө милдеттүү же болбосо ипотека менен алууга туура келет.

- Жашоодо кыйынчылыктар болбой койбойт. Сиз жашоодо татаалдыктардан кантип чыгасыз?

- Чынын айтсам, бул жумушту баштап жатканда башыма өтө чоң сыноолор келди, аларды атап отурбай эле коёюн, анын үстүнө пандемия учуруна да туш келип калган болчу, бул жумушка көп адам чыдай бербейт, кээ бирөө бир, эки ай иштеп чыгып кетишет. Мен болсо сегиз ай кыйналдым, бирок ичте болгон ишеним болсо адам баарын жеңет экен.

- Жаңы жумушка кирген учурда кызыктуу, анан эзели эстен кеткис окуялар болорун көп айтып келишет. Сиздин дагы жумуш тажрыйбаңызда дал ушундай окуялар кездешти беле?

- Эстен кеткис окуялар көп. Дубайда кээде күнүнө, кээде жумасына жаңы 4-5 чоң курулуш компаниялардын долбоорлорунун ачылышы болуп турат. Анан башында ошолордун баарын тең мээңде сиңире албай, терминдерди түшүнбөй, эптеп кардарларды таап келесиң, бирок аларга керектүү долбоорлорду сунуш кыла албай, ортодон кардарларды башкаларга алдырып жиберген учурлар көп болду. Айтор аябай кыйналгам, азыр эстеп алып күлөм.

- Арабча эркин сүйлөйт экенсиз. Үйрөнүү оор болдубу? Канча тил билесиз?

- Өзүм араб, орус, түрк жана англис тилдеринде сүйлөйм, ал эми кардарларымдын дээрлик көбү - бул Европа, Орусия, Индия жана Кытай мамлекеттеринен.

- Азыркы учурда бүтүрүүчүлөр кесип тандап жаткан кези да. Учурда кайсы кесиптерди актуалдуу, суроо-талап жогору деп атай аласыз?

- Эң биринчи бул дүйнөлүк тилдерди анын ичинен кытай, англис тилдерин өздөштүрүп алуу керек. Анткени азыр кайсы тармак болбосун ушул жогорудагы айтылган тилдерге байланышы бар. Ошондуктан англис жана кытай тилдери эч качан актуалдуулугун жоготпойт. Ошондой эле албетте IT тармагы, анткени кайсы компания болбосун ал сөзсүз IT тармагына байланыштуу.

- Дубайдагы бир күнүңүз кандай өтөт? Эс алуу күнүңүзчү?

- Ар бир күнүм эртең мененки 7:00дө спорт залда машыгуу менен башталат, андан соң таңкы тамактануудан кийин эле көбүнчө кардарлар менен жолугушуу болот. А кээде күнүм ар кандай тренингдер менен башталып калат.

Ал эми эс алуу күнүмдө дайыма эрте турганга аракет кылам. Анткени эрте турсаң күнүң узун өтөт жана ар тармакта иштеген достор, коллегалар менен тамакка чогулабыз, бирок алар менен жолукканда баягы эле жумушту талкуулап, пландарды түзөбүз.

- Дубайга барам деген жаштарга кеңешиңиз?

- Тил үйрөнүп келгениңер өзүңөр үчүн чоң пайда. Жакшы жумушка киргенге да өбөлгө болот.

Маегиңизге чоң рахмат!




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
25.05.2022. 12:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
199
Катталган:
19-02-2015
Соӊку аракети:
05-07-2022 18:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москов
+3
Азаматсын!
25.05.2022. 12:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
199
Катталган:
19-02-2015
Соӊку аракети:
05-07-2022 18:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москов
+3
Ийгилик!
25.05.2022. 12:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
21-03-2018
Соӊку аракети:
05-07-2022 15:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чет жерде компанияларда иштеген, бир нече тилде эркин суйлогон уул кыздарга суктанам жана менин да уул кыздарым ушулардай болсо экен деп тилеп коем.
25.05.2022. 13:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
199
Катталган:
19-02-2015
Соӊку аракети:
05-07-2022 18:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москов
+3
Тооа,коментарийге кирип - басып кетиптир
25.05.2022. 14:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
03-06-2021
Соӊку аракети:
05-07-2022 18:24
Жынысы:
Белгисиз
+2
-FREEDOM-,ал жанагы 2оо барго, бири тенирчи, бири кечке динге, молдолорго асылган, ошолордун бироосу бастыда баяле
25.05.2022. 15:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
808
Катталган:
04-09-2021
Соӊку аракети:
24-06-2022 13:22
Жынысы:
Белгисиз
-2
beytaanysh,
Ошол молдолордун диний жомогун уккандан көрө, арабча хидистерди, дубаларды жаттай бергенден кыргыздардын өмүрү узарып, жашоосу оңолуп кетпейт. Мындан көрө билим алып, тил үйрөнгөн пайдалуү
25.05.2022. 16:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
03-06-2021
Соӊку аракети:
05-07-2022 18:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
alimbek94,тооба кылдым,Аллахым журогуно ыйман берип, туура жолго тушконду насип кылсын
25.05.2022. 22:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
704
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
05-07-2022 12:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамды билим гана кокко жетелейт жа билими мн гана жакшы жаманды ажырата билет. Билимдуу жаштарыбыз кобойсун! Кыргызстан когоруп оссун! Чон чон бийиктиктерди багынтсын жаштарыбыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
192721;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: