Бишкектеги Панфилов сейил багындагы "Панорама" кафеси өрттөнүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Панфилов сейил багынын аймагында жайгашкан Панорама кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 06:30да 1 бөлүм, саат 06:42де 1 бөлүм, саат 06:46да 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылган.
Өрт саат 07:12де чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти ӨКМдан.
Кошумча маалымат берилет.