Коңшу Казакстанга мыйзамсыз тамеки алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды (фото)

Тамеки аткезчилигинин ири партиясын мыйзамсыз коңшу Казакстанга алып өтүү аракетинин алдын алынып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 22-майында Кыргызстандан Казакстанга чыгып кетип жаткан учурда "Чоң-Капка-унаа жолу" өткөрмөсүнөн А.Р.А. аттуу Кыргыз жаранынын башкаруусундагы жүк ташуучу унаа кармалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө акциздик маркалары жана уруксат берүү жөнүндөгү коштоочу документтери жок 89 куту тамеки буюмдары табылган.

"Учурда УКМК тарабынан салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндө келтирилген зыяндын өлчөмүн жана бул мыйзамсыз ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан