Бишкектин Айни көчөсүнөн жеңил унаа кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 24-майда саат 21:40 чамасында болгон. Анда 1996-жылы туулган М.Б. аттуу айдоочу Айни көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен Айни көчөсүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан жүргүнчү кызды сүзгөн.
Кырсыктан улам кыз "Тез жардам" ооруканасына жеткирилген. Азыркы учурда унаа убактылуу унаа токтотуучу жайга токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.