Чуңкурчакта эс алуучунун денесине залал келтиргендер милиция кызматкерлериби? Чүй ОИИББинин жообу

Бир күн мурда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак эс алуучу жайында күч колдонуу менен адамдын денесине залал келтиргенге шектүүлөр кармалган. Кийинчерээк кармалгандар ички иштер органдарында иштейт деген кептер тараган. Чүй ОИИББинин маалымат кызматы тарап жаткан билдирүүлөрдү четке какты.

"Социалдык тармактарда шектүүлөр милиция кызматкерлери жана аларды ички иштер кызматкерлери коргоодо" деген пикирлер айтылууда. Облустук башкы башкармалык маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирет. Шектүү катары кармалгандар ички иштер органдарынын кызматкерлери эмес экендиги такталган.

Ал эми адамдын денесине залал келтирүү боюнча иш Чүй ОИИББинин жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынып, учурда Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматы тарабынан мыйзам чегинде иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", - дешет мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан