Диний багытты тандоодо адашканын айткан. "Йакын Инкар" агымынын мүчөсү уюмдан чыкты

Нарында "Йакын Инкар" диний-экстремисттик агымдын мүчөсү тыюу салынган уюмдан чыкты. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"23-майда Кочкор районунун аймагында түшүндүрүү-профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлдү. Анда сот тарабынан ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Йакын Инкар" диний-экстремисттик агымынын жергиликтүү тобунун мүчөсү М.уулу С. диний багытты тандоодо адашкандыгын моюнга алып, аталган диний-экстремисттик агымдын идеяларынан баш тартты. Ошондой эле жарандарды бул агымдын чакырыктарынан этият болууга чакырды.

М.уулу С. узак убакыт бою жергиликтүү калктын арасында диний-экстремисттик агымдын радикалдык идеяларын үгүттөгөн, "Йакын Инкар" кыймылына жаңы мүчөлөрдү тарткан", - дешет комитеттен.

УКМК экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүккө каршы тынымсыз иш-аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан