Диний багытты тандоодо адашканын айткан. "Йакын Инкар" агымынын мүчөсү уюмдан чыкты
Нарында "Йакын Инкар" диний-экстремисттик агымдын мүчөсү тыюу салынган уюмдан чыкты. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"23-майда Кочкор районунун аймагында түшүндүрүү-профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлдү. Анда сот тарабынан ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Йакын Инкар" диний-экстремисттик агымынын жергиликтүү тобунун мүчөсү М.уулу С. диний багытты тандоодо адашкандыгын моюнга алып, аталган диний-экстремисттик агымдын идеяларынан баш тартты. Ошондой эле жарандарды бул агымдын чакырыктарынан этият болууга чакырды.
М.уулу С. узак убакыт бою жергиликтүү калктын арасында диний-экстремисттик агымдын радикалдык идеяларын үгүттөгөн, "Йакын Инкар" кыймылына жаңы мүчөлөрдү тарткан", - дешет комитеттен.
УКМК экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүккө каршы тынымсыз иш-аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Чубак ажынын "комуз, гитара черткен болбойт", дегенин уккамын.
Комуз, гитара чертсе болбойт, ал эми молдолор өздөрү жалган айтса, ар кимди, кыздарды ушактап, лицемерлик кыла берсе боло берет. Кыскасы шарыят ушундай молдолордун.
Ал эми молдолордун диний мифтери, жомоктору сокур фанатизмди гана туудурат.
Диңге берилүү - бул ойдон чыгарылган божомолго ишенүү.