Чүйдө 12 жаштагы кызды уурдап, Ош облусуна алып кеткенге шектүү кармалды. Шектүү өспүрүм кыз менен интернет аркылуу таанышканын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 18-майда Сокулук РИИБине 47 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси 12 жаштагы кызы ошол эле күнү саат 11:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбегенин айтып, издеп, табууга жардам сураган.
Бул факты каттоого алынып, өспүрүм кызды табууга багытталган комплекстүү издөө иштери башталган.
"Окуучу 18-майда үйүнө өзү теңдүү бир кыз менен келген. Жакындарына бейтааныш кызды "классташым" деп тааныштырган. Ал ошол эле күнү ата-энесинен мектептин оңдоп-түзөө иштерине деп 500 сом алгандан кийин дайынсыз болуп кеткен. Кийинчерээк өспүрүм ата-энесине телефон чалып, Ошто жүргөнүн кабарлаган. Сокулук РИИБинин кызматкерлери Ош облусуна барышып, окуучу кыз 1987-жылы туулган К.М. аттуу аялдын үйүндө экенин аныкташкан. Аталган аял 12 жаштагы кызга тууган эместиги, алар интернет аркылуу таанышканы аныкталды. Ошондой эле К.М. окуучуну 18-майда алдоо жолу менен алып кеткени белгилүү болду.
Аталган факты боюнча 165-беренедеги (адам уурдоо) кылмыш белгилеринин негизинде тергөө иштери башталды. Шектүү катары К.М. кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Соттун чечими менен аны камакка алуу бөгөт чарасы тандалды. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан окуянын башка жагдайлары териштирилип, шектүүнүн мындан башка дагы кылмыштарга тиешеси бар, жогун аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө", - дешет маалымат кызматынан.