Сузакта окуучу кызга кол көтөргөн мугалимдин окуясы териштирилет

Буга чейин социалдык тармактарга мугалимдин окуучу кызга кол көтөрүп, урушуп жаткан видеосу тараган. Окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мектептердин биринде орун алганын окурмандар айтышкан.

Коомдун талкуусун жараткан окуя боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына кабарлашканыбызда, териштирүү жүргүзүлөрүн билдиришти.

"Бул факты боюнча учурда Сузак РИИБинин кызматкерлери жеринде иштеп жатышат. Териштирүү жүргүзүлүп, мыйзам чегинде чечим кабыл алынат", - дешти башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан