Сүлүктүдөгү көмүр шахтасында газ чыкты

Сүлүктү шаарындагы көмүр шахтасында газ чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Сүлүктү шаарына караштуу Кош-Булак айылындагы көмүр шахталардын биринде газ чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Айтылган даректеги шахтада парустук тосмо орнотуу үчүн шаардагы Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан 7 куткаруучу тартылып, 500 метр тереңдикте газ чыккан жерге парустук тосмо орнотуу жумушун ийгиликтүү аякташкан.
Бактыга жараша, шахтада жумушчулар болгон эмес жана жабыр тарткандар болгон жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан