Чүйдө диплому текшерилип жатканда УКМК кызматкерлерине пара берген айыл өкмөт адиси кармалды

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкери пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Пригородный айыл аймагынын кирешелер боюнча башкы адиси тарабынан жасалма диплом колдонулганы аныкталган.

"Ал өзүнүн жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгын текшерүүнү токтотуу үчүн УКМК кызматкерлерине 160 миң сом өлчөмүндө акча каражатын сунуштаган.

Иликтөө ишинин жүрүшүндө О.К.Т. кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан