Сузакта мектеп окуучусуна кол көтөргөн мугалим ооруканага түштү

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мектеп окуучусуна кол көтөргөн мугалим жүрөгү ооруп ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталы аталган мектептин директору Даткайым Нуралиевага байланышканыбызда билдирди.

"Мугалим бүгүн өзүн жаман сезип, жүрөгү ооруп, Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылды", - деди Нуралиева.

Буга чейин мугалимдин окуучуну башка чаап урушуп, ургулап жаткан видеосу тарап, талкууга алынган. Кийинчерээк кол көтөргөн мугалим иштен алынары маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан