"8 килограммдан ашык баңгизат". Баткенде эл аралык баңги тобунун ишине бөгөт коюлду

Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдө апийим ташуу менен алектенген эл аралык топ аныкталып, ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эл аралык баңгизаттар тобунун ишине бөгөт коюлуп, 8 килограмм 350 грамм болгон баңгизаты табылып алынган.

"25-майда Баткен облусунун Лейлек районунун чек ара тилкесинде атайын ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Х.Т. аттуу коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны кармалды.

Шектүү УКМКнын тергөө камак жайына камакка алынган. Учурда бул кылмыштын башка дагы катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан