Балдарга карата зомбулукту кантип токтотобуз? Психолог жооп берет

Психологиялык зомбулук коомдо ар дайым эле ачык айтыла бербеген адамдын физикалык жана руханий жан дүйнөсүнө оор кесепеттерди алып келген көрүнүш. Бүгүнкү күндө балдарга карата жасалган зомбулуктун түрү коомчулуктун кызуу талкуусуна алынып, күнөөлүүлөр жазасын алып жатышат. Бирок алардын канчасы билинбей дагы деле уланууда. Балдарга карата зомбулукту кантип токтотобуз? Бүгүн дал ушул көйгөй тууралуу суроолорго үй-бүлөлүк психолог Гүлнур Жапарова жооп берди.

- Балдар ден соолугу чың болуп чоңоюсу үчүн алардын бул өмүргө келүүсүнө себепчи болгон ата-эне аң-сезимдүү түрдө жоопкерчиликтүү болууга өздөрүн даярдоосу керек. Ата деген ким, эне деген ким? Үй-бүлө ичинде алардын орду кандай? Ушул суроолордун жообун таап үй-бүлө курса, ал жерде психологиялык ден соолуктуу жана өз ойлорун эркин айткан, курч, элим үчүн кызмат кылам деген жаратман балдар өсүп чыгат.

Психологдун айтымында балдардын кордолушунун себеби үй ичинде ата аталык ордун, эне энелик ордун билбегендиктен.

- Балдардын кордолбой, кагуу-силкүүгө туш болбой чоңоюсу үчүн ата-эне бири-бирине болгон мамилени бекемдөөсү зарыл. Себеби эркек бала эркек кандай болуу керектигин, айымдарга кандай мамиле жасоо керектигин атадан көрөт, кыздар мырзалардан кандай мамиле алуу керек, алар менен кандай мамиледе болуу керектигин ападан көрөт. Үй-бүлөдө уруу, кагып-силкүүнү көргөн бала аны сыртка чыгып башка адамдарга карата пайдаланат. Бала укканын эмес, көргөнүн жасайт, тил учу менен балам бактылуу болсун, ийгиликтүү болсун деген менен биз ата-эне катары аларга эмнени көрсөтүп жашап жатабыз?

Азыркы балдар Z муундун балдары болгондуктан булар такыр башкача мамиле күтөт. Мурдагыдай "мен айткандай болот" деп, алардын оюн укпоо, индивид катары кабыл албоо, кеңешпөө, басынтуу, "менин баламсың, эмне кылсам да өзүм билем" деп менчиктеп алуу балдардын сыртка чыгып башкаларга зордук-зомбулук көрсөтүүсү менен коштолот.

Z мууну - 1997-2012-жылдар аралыгында төрөлгөн муун үчүн колдонулган глобалдык термин. Бул муундун өкүлдөрү илимге жана техникага (мисалы, көпчүлүк өкүлдөрү инженердик-техникалык маселелер, биомедицина, робототехника менен алектенет деп болжолдонот), ошондой эле искусствого кызыгышат. Көбүнчө «Z муун» термини «санариптик адам» термининин синоними катары каралат.

- Балдар менен ачык сүйлөшүп, көзүнө карап, дайыма керек экендигин сездирип, кучактап жашоо керек. Мээримге, адам катары баалуу сезимдерге толгон адам келечекте үй-бүлө курганда да ошол мамилени кайталайт.

Демек, үй ичин согуш майданына айлантсак, эртең балдарыбыз да өз үй-бүлөсүн согуш талаасына айлантат. Ошондуктан үй ичин бейпил, бакыт майданына айланталы.

Ар бир бала биздин жашоого сөзсүз бир максат, миссия менен келет, ар бир балабыз төрөлгөндө бизди мээримдүүлүккө, сабырга, аракетке үйрөтөт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан