Бишкекте Ала-Арча суу сактагычына түшүп кеткен кишинин жансыз денеси чыгарылды. Маалыматты бүгүн, 26-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Министрликтин нөөмөт бөлүмүнө Ала-Арча суу сактагычына белгисиз адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу жана кошумча суучулдар кызматынан 3 суучул тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында суучулдар тарабынан Ала-Арча суу сактагычынан 54 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлдү.