Лондондогу кинофестивалда кыргыз тасмасы эң мыкты деп табылды. Тагыраагы, Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Тынай Ибрагимовдун "Саякбай жана Битлз" тасмасы "Мыкты даректүү тасма" деген номинациясында жеңүүчү болду.
Белгилүү болгондой, 19-майдан 25-майга чейин Лондондо Евразия кинофестивалы менен Ромфорд кинофестивалын бириктирген масштабдуу төртүнчү иш-чара өттү. Бул фестиваль евразиялык кинематографияны англис тилдүү чөйрөдө өнүктүрүүгө арналган.
Кинофестивалдагы тасмалардын арасында Кыргызстандан төмөнкү чыгармалар тартууланды:
- Тынай Ибрагимовдун "Саякбай жана Битлз" деген даректүү тасмасы;
- режиссёр Виктория Архангельскаянын "Жаңыртуу" деген даректүү тасмасы;
- Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин бүтүрүүчүсү Жанайым Ашимованын дебюттук кыска метраждуу "Кадамдар" деген тасмасы.
Жыйынтыгында "Саякбай жана Битлз" аттуу кыргыз тасмасы "Мыкты даректүү тасма" болсо, "Көрүүчүлөрдүн тандоо сыйлыгы" номинациясын Виктория Архангельскаянын "Жаңыртуу" деген тасмасы алды.
Фестивалда даректүү, көркөм жана кыска метраждуу тасмалар, ошондой эле анимация категориялары боюнча 50дөн ашык тасма көрсөтүлдү. Евразия кинофестивалынын тасмаларынын арасында Улуу Британия, Кыргызстан, Азербайжан, Орусия, АКШ, Израил, Украина, Өзбекстан, Казакстан жана Түркия сыяктуу мамлекеттердин эмгектери тартууланды.