Унааны ачык эле тартып алып, акча талап кылган. Чүйдө уурулукка шектүү башка кылмыштарын моюнга алды

Чүйдө уурулукка шектелип кармалган жарандын бир жыл мурда жасаган кылмыштары да аныкталды. Бул туурасында облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришет.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын 19-январында Сокулук районунун 72 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арыз ээси белгисиз адамдар үйүнүн кулпусун бузуп кирип, 10 миң сом акчасын уурдап кеткенин айткан.

"Уурдоо" беренесинин негизинде жүргүзүлгөн сотко чейинки тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары 29 жаштагы Н.У. кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жарандын дагы башка кылмыштарга катыштыгы аныкталган. Ал 2021-жылы сентябрда Бишкек шаарынын аймагынан А.М. аттуу жаранды бычак менен коркутуп, күч колдонуу менен Лексус унаасын ачык эле ээлеп алганы белгилүү болгон. Ошондой эле кылмышка шектүү өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин айтып коркутуу жолу менен жабырлануучудан 25 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталган. Бул факты 207-беренесинде (каракчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча каттоого алынган.

Жогорудагы кылмыштарга шектелген жаран 18-майда кармалып, сот тарабынан Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камакка алынды. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жогорудагы кылмыш фактыларын толугу менен моюнга алды. Учурда сотко чейинки териштирүүлөр уланууда", - дешти башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан