
Бишкекте шаар тургунун алдап, 180 миң сомун алып качып кеткенге шектүү колго түшүрүлдү. Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуя былтыр болгон.
Анда 2021-жылдын июнь айында А. аттуу жаран шаар тургунуна юридикалык жардам көрсөтөрүн убадалап, алдын ала 180 миң сом алып, из жашырып кеткен. Ал эми жабырлануучу милицияга ушул жылдын февраль айында кайрылган.
Аталган факты 209-берене (алдамчылык) менен каттоого алынып, тергөө иштери башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү 1985-жылы туулган Б.А. экени такталып, кармалды. Октябрь райондук соту шектүүнү СИЗО-1ге камакка алуу бөгөт чарасын тандады.
Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери суранат. Байланыш номерлери: 0(509) 262-669, 0(558) 102-992, 0(0701) 00-26-88 же 102.