
Ысык-Көлдө көпүрөдөн кулап кеткен 7 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат.
Маалым болгондой, 27-майда саат 21:50 чамасында Каракол шаарындагы көпүрөлөрдүн биринен 7 жаштагы Ш.У. сууга түшүп кеткен. Жерине Каракол шаардык куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, саат 22:10до баланын жансыз денесин суудан алып чыгышты. Маркумдун сөөгү ата-энесине өткөрүлүп берилди.