Поэтерапия: "Ээ-жаа бербес, эрки күчтүү жан элем, Эзилгенди жүрөк сенден үйрөндү"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы акын Жылдыз Сулайманова.

Жылдыз Сулайманова 1989-жылы Нарын облусуна караштуу Ат Башы районунун Ат-Башы айылында туулган. Учурда Бишкектеги №83 мектепте орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенет. Ошондой эле "Поэзия Ордосу" аттуу көркөм адабий коомдук бирикмесинде жетекчинин жардамчысы катары иш алып барат. Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси. Каарманыбыздын ырга болгон кызыгуусу окуучулук, студенттик күндөрүндө башталган. Ырлары "Поэзия Ордосу" аталышындагы 1-2-ыр жыйнактарына чыккан.

***

Келчи, эргүүм,
Кетенчиктеп качпачы.
Кызыктырбайт,
Ыр жазуудан башкасы.
Сен жок болсоң,
Эч себепсиз кыйналып,
Урагансыйт,
Үмүтүмдүн аскасы!

Келчи, эргүүм,
Кыялдарга кол сунам.
Колдо калем,
Сени күтүп олтурам.
Сөздөр жазып,
Барактарды ыргытып.
Тар бөлмөмдү,
Таштандыга толтурам!

Келчи, эргүүм!
Сен төгүлчү куюлуп,
Ыр жаратам,
Качан өзүң буюруп.
Азыр болсо,
Азаптанып жатамын.
Ак барактар,
Ыйлагандай туюлуп!

Эргүү жок ыр жаза албай калган күндөрүм көп эле болот. Ошондо кадимкидей ыр жазууну сагынам, жакшы ырларды көксөйм. Ошондой учурда пайда болгон ыр десем жаңылышпайм.

***

Кейиттим ээ, кечир мендей акмакты,
Мамиле жок, бизде таза, баштапкы.
Жетелешип эч ким жетпес жайларга,
Желге айланып, учуп кетип калсакпы!

Таарынттым ээ, таш боор дээрсиң жек көрүп,
Чандым ооба, тынч жашоону эп көрүп.
Мен калгандан, кандай пайда чынында,
Тагдыр аттуу, турса улуу чеп болуп!


Ыйлаттым ээ, ыркыратып дүйнөңдү,
Көрсөттүң сен - таза, аруу сүйгөндү!
Ээ-жаа бербес, эрки күчтүү жан элем,
Эзилгенди жүрөк сенден үйрөндү!

*****

Киммин деги?
Алсыз дагы, арсыз да!
Тагдыр, күлгүн,
Дагы сыноо камсызда!
Жараланып
Бүткүл ички дүнүйөм,
Тартуудамын,
Азабыңды ансыз да!

Киммин деги?
Жүрөм ишти кыйратпай,
Жаным алгын,
Жүрөгүмдү ыйлатпай!
Эмне мынча,
Өчүң бардай шаштырып,
Жулмалайсын,
Өздүгүмдү жыйнатпай!

Киммин деги?
Бирөөсүмүн көптөрдүн,
Далай күндү,
Бекер, куру өткөрдүм!
Чыйрак болуп,
Сынбай турмуш жолунда,
Бүгүн менин,
Келип турат өзгөргүм!

***

Жасай албай иштин дурус, жакшысын,
Санааларым көбүктөнүп ашты чын.
"Кыйраттыңбы" деген өңдүү суроолор,
Алып жатат акылымдын шаштысын!

Чыгарам деп, чындап маңдай теримди,
Чыгынгансып канча күчүм тебинди!
Чыга албай, аягына кыйналам,
Чын түрүп бир, киришсем да жеңимди!

Кээ бир учурда инсан өзүн алсыз, эч кимге кереги жок сезет жана ичинен анализ жүргүзөт. Эмнени жасадым, кайсы ишти кыйраттым деген сыяктуу. Ошондой изденүүлөрдүн негизинде жаралган чыгарма.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан