Кыргызстандагы Улуттук олимпиада комитети тарабынан спортчулардан турган комиссия түзүлдү. Мындай маалымат аталган олимпиада комитетинин сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, комиссиянын курамына Акжол Махмудов, Каныкей Кубанычбекова, Максим Гордеев, Денис Петрашов жана Нурсултан Кеңешбеков кирди.
"Спортчулар комиссиясынын түзүлүшү ачыктыкка, айкындуулукка, эффективдүүлүккө, жергиликтүү жана эл аралык спорт федерациялары менен байланышты чыңдоого байланыштуу. Тагыраагы, биз жаңы комиссия түзүп, федерациялар менен болгон мамилебиз тыгыз жана идеяларыбыз аларга түшүнүктүү болушун каалайбыз", - дейт аталган комитеттин президенти Садыр Мамытов.