Баткенде коңшу өлкөдөн контрабандалык жол менен алынып келинген унаа кармалды

Баткенде коңшу өлкөдөн аткезчилик жол менен алып келинген унаа аныкталып, транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып келген туруктуу каналдын иши токтотулду. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 18-мартта мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы катталган. Анда Лейлек районунун Достук айылынын А.Д. аттуу тургуну Тойота Камри унаасын тиешелүү документтери жок чек арадан алып өтүүгө аракет кылган.

"Сурак учурунда А.Д. унааны коңшу мамлекеттин жаранынан алганын айтып, автотранспортко укукту аныктоочу документтери жок экенин тастыктаган.

Аталган факты боюнча 29-мартта 231-берененин (экономикалык контрабанда) негизинде кылмыш иши козголгон.

Белгилей кетсек, келип түшкөн маалыматтар боюнча, буга чейин ондогон автоунаалар Кыргыз Республикасынын аймагына ушундай эле жол менен бажы жана башка төлөмдөрдү төлөбөстөн алып келинген. Алдын ала маалыматтар боюнча мамлекетке 4,5 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Азыркы учурда бул багытта кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат", - дешет комитеттен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан