Кеминде чаламандын чак түшүндө 15 жаштагы окуучуну башка мектептин балдары сабап кетти

Чүйдүн Кемин районунда 15 жаштагы окуучу сабалып, ооруканага түштү. Аны башка мектептин балдары сабаганын облустук ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдайт.

Башкармалыктын маалыматына караганда, 27-майда саат 20:00 чамасында денесинен ар кандай жаракаттарды алган өспүрүм аймактык ооруканага түшкөн.

Райондук милиция бөлүмүнө кабар түшөрү менен ыкчам топ жерине барышкан. Анда жабырлануучунун апасы арыз менен кайрылып, баласын көчөлөрдүн биринен ур-токмокко алгандарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты каттоого алынган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө 27-майда саат 13:00 чамасында жабырлануучуну башка мектепте окуган эки өспүрүм чырдан улам сабап, качып кеткени такталды.

"Учурда милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алган балдарды ички иштер бөлүмүнө алып келүү, окуянын жагдайларын аныктоо боюнча иштер аткарылууда. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан