Бишкекте жөө адамдар өтүүчү тилкеден Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү унаа 13 жаштагы баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 18:50 чамасында Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү унаа Абдымомунов көчөсү менен күн батышты көздөй бара жатып Эркиндик көчөсүнүн тушунан электрондук самокат тээп бара жаткан 13 жаштагы баланы сүзүп кеткен.
"Жол кырсыгынын кесепетинен бала №3 балдар ооруканасына жеткирилди. Ал эми айдоочунун унаасы убактылуу айып короо жайына токтотулуп, учурда жол кырсыгын каттоо иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.