Үй камагына чыккан Гүлзат Мамытбек бүгүн, 28-майда SUPER.KG порталына алгачкы маегин берди. Маек учурунда ал темир тор артындагы жашоосу, алдыга койгон максаттары тууралуу кеңири сөз кылды.
"Бардык нерсе Кудайдын буйругу менен экен. Мен соттун чечими боюнча эч нерсе айта албайм. Карыздар моюнумда, инвесторлорго акчасын кайтарып берем. СИЗОдон көп кыйналган жокмун. Ал жерден жөн жатпай 3-4 тилди үйрөндүм. Жанымдагыларга англис тилин үйрөттүм десем болот. Көзүм ачылды. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандын түрмөлөрү бейиш экен. Буюрса, жакшы иштерди жасайм. Өзүмдү өстүрөм. Көп пландарым бар. Баары сонун", - деди ал.
Эскерте кетсек, блогер Гүлзат Мамытбекке Бишкектин Биринчи Май райондук соту чечим чыгарган. Анда сот Гүлзат Мамытбекти күнөөлүү деп таап 3 жылга пробациялык мөөнөткө (үй камагы) кескен.