
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында турак (времянка) үйдөн өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.
Маалым болгондой, өрт 28-майда жергиликтүү тургундун үйүнөн чыккан. Жерине 4 өрт өчүрүүчү куткаруучу тартылып, саат 16:57де өрт чектөөгө алынып, 17:17де толугу менен өчүрүлдү.
Электр зымдарынын кыска туташуусунан улам чыккан өрттүн аянты 24 чарчы метрге жетип, тилсиз жоонун кесепетинен 1 даана эшик, терезе, электр меши, 4 даана жууркан, 10 даана балка, 20 даана стропила жана 30 даана шифер өрттөнгөн.
Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келген эмес.