Жалал-Абадда заводдогу жарылуудан 7 адам жаракат алды. Үчөө оор абалда

Жалал-Абадда темир иштетүүчү заводдогу жарылуудан 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу облустук оорукананын жетекчиси Кумар Ботокараевге байланышканыбызда билдирди.

Анын айтымында, учурда 3 бейтап ооруканада дарыланууда.

"Кечээ саат 15:00дө заводдо жарылуу орун алган. Облустук оорукананын кабыл алуу бөлүмүнө 7 адам келип түшкөн. Алардын төртөө амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйүнө жөнөтүлгөн. Үчөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алардын бири 1991-жылы туулган Ош облусунун тургуну, экинчиси 1996-жылы туулган Сузак районунун тургуну, үчүнчүсү 1993-жылы Кара-Дарыя айылынын тургуну.

Учурда 2 бейтаптын абалы оор. Үчүнчүсүнүн абалы орто оор. Алар 90, 80, жана 40 пайыз денелеринен күйүк алган", - деп билдирди Ботокараев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан