Чүй облусунун Аламүдүн районунда тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен маалымдашты.
Белгилүү болгондой, милицияга 2003-жылы туулган Н.Г. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 23-май күнү кечки саат 23:00 чамасында белгисиз адам күч колдонуп телефонун тартып алып качып кеткенин айтып, ага карата чара көрүүнү суранган.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине "Тоноо" беренеси менен катталган.
Кылмышка шектелип 1999-жылы туулган А.А. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.