Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубунун коргоочусу, атактуу футболчу Марсело мадриддик клубдан кетип жатканын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 34 жаштагы бразилиялык футболчу Чемпиондор Лигасынын финалында "Ливерпуль" футболдук клубун жеңгенден кийин ушундай чечим кабыл алган. Ал клуб менен жалпы 25 кубок уткан. Бул "Реал Мадрид" клубундагы рекорд.
Марсело "Реалдын" курамында 2007-жылдан бери ойноп келет. Ал бул клубда жалпы 386 оюнга катышып, 26 гол киргизген. Коргоочу клуб менен 6 жолу Испания чемпиондугун, 2 жолу Испаниянын Кубогун жана 5 жолу Испаниянын Суперкубогун, 5 жолу Чемпиондор Лигасын, 3 жолу УЕФАнын Суперкубогунун жеңүүчүсү болгон. Ошондой эле 4 жолу клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугун жеңген.