Буйрутма киши өлтүрүүгө шектелип "Карышкырдын" дагы эки адамы кармалды

Карышкыр каймана аты менен белгилүү кримтөбөлдүн катышуусундагы буйрутма киши өлтүрүүгө шектелген дагы эки адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунда 1994-жылы туулган С.С. жана 1998-жылы туулган К.Р. аттуу жарандар кармалышкан. Экөө тең уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам-профилактикалык реестринде каттоодо турушкан.

Милиция кызматкерлери алардын жетекчисинин тапшырмасы менен шектүүлөр Аламүдүн районундагы көрүстөндө жабырлануучунун денесине түздөн-түз залал келтиргенин аныкташкан.

Шектүүлөр учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Буга чейин Карышкыр каймана аты менен таанылган жаран буйрутма киши өлтүрүүгө шектелип кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан