Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргыз жараны өгөй кызын 6 жылдан бери зордуктап жүргөнгө шектелип кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, 28-май күнү укук коргоо органдарына 16 жаштагы кыздын зордукталганын билген колледждин мугалими кайрылган. Тегөөчүлөр кызды өгөй атасы 6 жылдан бери зордуктап жүргөндүгүн билишкен.
Акыркы зордуктоо 26-май күнү кечинде болуп, ал токмоктоо менен коштолгон. Кызына өгөй атасы эле эмес, кыздын апасы дагы кол көтөргөн. 28-май күнү эртең менен жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын баш мээси чайкалганын, башынын арткы тарабында жана курсагында көк ала тактар бар экенин аныкташкан.
Учурда кармалган жаранга карата кылмыш ишин козгоо маселеси чечилүүдө.