Ошто баңгизаттарды сатууга аракет кылган жарандар кармалды. Алардын бири мурда Өзбекстанда соттолгон

Ошто баңгизатын сатууга аракет кылган жарандар кармалды. Алардын бири буга чейин соттолгон дешет УКМКнын маалымат кызматынан.

Белгилүү болгондой, 28-майда Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасына жакын Кара-Суу шаарынын аймагында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү учурунда Кыргыз жараны Ш.А.А. кармалды.

"Ал мурда баңгизаттарын жүгүртүүгө катышкандыгы үчүн Өзбекстанда жазасын өтөп келген. Анын жанынан алынган баңгизатынын салмагы 1 килограмм 718 граммды түзүп, жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында гашиш экени аныкталды.

Мындан тышкары ошол эле күнү 1984-жылы туулган Т.Ш. аттуу дагы бир жаран кармалды. Анын үйүн тинтүү учурунда жалпы салмагы 75 граммды түзгөн сары-ак түстөгү зат табылган, экспертизадан героин экени такталды.

Жогоруда аталган жарандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды", - дешет комитеттен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан