Бишкекте 2 ай мурда киши колдуу каза болгон аялдын өлүмүнө шектелип дагы бир жаран кармалды

Бишкекте 2 ай мурда киши колдуу каза болгон аялдын өлүмүнө шектелип дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 1-апрелде Горький жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен 55 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Жерине барган ыкчам топ маркум киши колдуу каза болгонун тактаган.
"Сотко чейинки тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1968-жылы туулган П.А. кармалып, СИЗО-1ге киргизилген. Ал эми 22-апрелде Биринчи Май райондук соту тарабынан дагы бир шектүү 1995-жылы туулган Ж.Д`га издөө жарыяланган.
27-майда Бишкек шаарынан издөөдө жүргөн жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дешет маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан