Өлкөдө ар жылы 6 миңге жакын адам тамеки тартуунун кесепетинен каза болот

Кыргызстанда жыл сайын 6 миңге жакын адам тамеки чегүүгө байланыштуу ар кандай оорулардан каза болот. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат жыйынында эксперттер айтышты.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жыл сайын өрттүн 20 пайыздан 28 пайызга чейинкиси тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыгат. 2013-2017-жылдары 5 жылда өрттүн кесепетинен 345 адам каза болгон. Анын ичинен 123 адам (жыл сайын 30 пайыздан 40 пайызга чейин) тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктын натыйжасында.

Жыл сайын 31-майда бүткүл дүйнөлүк тамекиге каршы күрөшүү күнү белгиленет. Бул жыл сайын өткөрүлүүчү тамеки чегүүгө каршы эл аралык акция. Бул күн 1987-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан тамеки эпидемиясына жана анын өлүмгө алып келе турган кесепеттерине дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу максатында белгилене баштаган.

Быйыл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул күндү “Тамеки – айлана-чөйрөгө коркунуч!” деген ураандын астында өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан