Ошто дайынсыз болуп жатат делген 18 жаштагы кыз табылып, апасына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 50 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 14-майда анын 18 жаштагы кызы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы маалымдалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө кыз ата-энеси мажбурлап турмушка берип жаткандыгын айтып, "Ак-Жүрөк" кризистик борборуна жардам сурап кайрылганы маалым болгон.
"19-майда кыз "Ак-Жүрөк" кризистик борборунун юристи, адистин катышуусунда сурак кылган учурда эч кимге арыз-дооматы жок экендигин, өз каалоосу менен апасы менен чогуу кете турганын билдирип, тил кат жазып берди. Учурда анын "турмушка эркине каршы бергени жатат" деп жазган арызы боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.