Барскон айылынын тургуну Кумтөрдөн солярка уурдап сатып жаткан деп шектелип кармалды

Ысык-Көлдө уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-майда Ысык-Көл ОИИБинин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери, Жети-Өгүз районуна караштуу Сырт өрөөнүнүн Сары-Мойнок тилкесинде кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүшкөн.

Анда Ауди С4 автоунааны токтотуп, текшерген учурда ичинен канистраларга куюлган 300 литр солярка күйүүчү майы табылган.

Милиция кызматкерлерине буга чейин «Кумтөр Голд Компани» ЖАКсынын айрым кызматкерлери, ишканадан күйүүчү майларды уурдашып, жакынкы айылдардын тургундарына сатып жатышкандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Буга байланыштуу унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү, Барскоон айылынын тургундарын 23 жаштагы У.Ч. жана 32 жаштагы Ш.С. суралган.

Алардын айтымында, солярканы «Кумтөр Голд Компани» ЖАК ишканасында жол түздөө атайын техникасында иштеген кызматкеринен сатып алышкандарын билдирген.

Териштирүү иштеринин натыйжасында солярка күйүүчү майын саткан жарандын аты-жөнү аныкталган. Ал «Кумтөр Голд Компани» ЖАК ишканасы менен келишимдин негизинде иштеп жаткан “Тарылга Сервис” подряттык жеке уюмунун кызматкери, Барскоон айылынын 29 жаштагы тургуну А.Н. болуп чыкты. Суракта кылмышка шектүү жаран өз күнөөсүн толугу менен моюнуна алган..

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан