Чүйдүн Аламүдүн районунда милиция кызматкерине уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кол салды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан учурда шектүүнү издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Маалым болгондой, окуя 13-майда саат болжол менен 23:00 чамасында орун алып, анда Свердлов РИИБдин улук инспектору Т.А. Чүй ОИИББине арыз менен кайрылган. Арызда Аламүдүндөгү көчөлөрдүн биринен белгисиз адам инспектордун артынан келип оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, белгисиз каражат менен башына уруп, денесине залал келтирип качып кеткени айтылган.
Бул факты 280-берене (ээнбаштык) менен каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Кийинчерээк шектүү 2001-жылы туулган С.Л. экени такталып, учурда анын жүргөн жерин аныктоо боюнча амалдар аткарылып жатканын билдиришет мекемеден.