Салык кызматы өлкөдө 1-июлдан баштап энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкө аймагына импорттоого акциз салыгы алынарын эскертет. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, акциздин ставкасы 1 литрине 10 сомду түзөт.
Белгилүү болгондой, организмге сергитүүчү таасирин камсыз кылуу үчүн жетиштүү санда кофеинди жана башка сергитүүчү компоненттерди камтыган атайын багыттагы алкоголсуз суусундуктар сергитүүчү алкоголсуз суусундуктар болуп саналат.