Баткенде аткезчилик жол менен алып келинген дары-дармек аныкталды

Баткенде контрабандалык дары-дармек аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашат.

Маалыматка ылайык, 20-майда Баткен облусунун Кадамжай районунда УКМК кызматкерлери чек арачылар менен биргеликте Т.М. аттуу жарандын башкаруусундагы Хюндай-Портер үлгүсүндөгү унаасын кармашкан.

Унааны текшерүү учурунда тиешелүү документтери жок 180 даана амоксиклав табылган. Бул факты боюнча атайын кызмат тарабынан 231-берененин 1-бөлүгү (Экономикалык контрабанда) боюнча кылмыш иши козголду.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын белгилешти комитеттен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан