Ырчы Мирлан Баеков жогорку окуу жайды аяктады. "Дипломдуу артист болдум" дейт ал

Ырчы Мирлан Баеков жогорку билимдин ээси болду. Ал Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде билим алды.

Окуу жайдын "уюштуруучу менеджер, социалдык маданий ишмердик" адистиги боюнча билим алган ырчы буларга токтолду.

"Буга чейин театралдык окуу жайга тапшырып, эки ай калганда гастролго чыгып кетип диплом албай калгам. 2010-жылы "Кызыл өрүктү" ырдап чыкканда окуп алайын дегем. Бирок жашоо-шартыма байланыштуу билим алганга мүмкүн болбой жатты. Дипломдуу артист болсом деген көксөөм калып калган.

2016-жылы искусство университетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшыргам.

Билим алуу кары, жашка карабайт экен, буга практикада ынандым. Менин тайпалаштарымдын эң улуусу 53 жашта, эң кичүүсү 36 жашта. Бүгүн дипломдук ишимди "5" деген баага тапшырдым, ошентип дипломдуу артист болдум", - дейт ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан