"Ак чүч", "Тың жеңе" чыгармаларын аткарып, ошол эле учурда бийлеп дагы көпчүлүктүн көңүлүн бурган ырчы мырза Бакас жана өмүрлүк жубайы Адинай Дилдебекова маек төрүбүздө.
"Үйлөнгөнүбүзгө 2 жылдын жүзү болду. Жубайым Таластан болот. Жубайымды ала качты кылып эле алып кеткем. Жубайымдын жини келгенин көзүнөн карап эле билем, көрсө, айымдарга теңелбеш керек экен, аял кишинин күчү тилинде экен да. Азыркы учурда 1 уулду тарбиялап жатабыз", - деди Бакас.
"Жолдошум мурун "романтик" болчу, азыр эч нерсе бербей эле белектин ордуна акча берип керектүү нерсеңди алып ал дейт. Үй-бүлөдө аябай шаңдуу, шайыр-шатманбыз", - дейт ырчынын жубайы Адинай Дилдебекова.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.