Бүгүн, 31-май күнү эртең менен Новопокровкадагы №3 мекеменин жанынан гранатага окшош буюм табылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн саат 09:40 чамасында Чүй облусунун Новопокровка айылындагы №3 түзөтүү мекемесинин эски кургак учук ооруканасынын аймагындагы короодогу бактын түбүнөн мекеменин кызматкерлери гранатага окшош шектүү жашыл түстөгү буюм табышкан.
Окуя болгон жерге Коргоо министрлигинин сапёрдук тобу тартылып, объектти изилдеп, мүмкүн болуучу коркунучтарды болтурбоо максатында аны жардыруу жолу менен жок кылуу иштерин жүргүзүшкөн.
Текшерүү иш-чаралары тиешелүү бөлүм тарабынан жүргүзүлөт.