Байкоо жүргүзүү камерасы, сигнализация, GPS-трекер, банкомат же терминал… О! Мобилдик операторунун M2M SIM-картасы – каалаган акылдуу түзүлүштү туруктуу байланыш менен камсыз кылуу үчүн пайдалуу чечим болуп саналат.
"Акылдуу түзүлүш" тарифи эреже акылдуу түзүлүштөр үчүн атайын иштелип чыккан, алар эреже катары өзгөчө режимде маалымат алмашышат. Тарифтин 30 күндүк базалык бөлүгүнө төмөнкүлөр киргизилген:
Булар типтүү акылдуу түзүлүш аткарган фунцкиялар үчүн жетиштүү. Бул жердеги эң чоң пайда негизги топтом аяктагандан кийин интернет трафикацияланбайт.
Тарифти кадимкидей эле ай сайын төлөп турса болот жана мунун баасы 30 күнгө болгону 50 сомду түзөт. Бирок жылдык вариантты колдонуу ыңгайлуураак болот – түйшүгү азыраак жана дагы арзаныраак болот – 360 күнгө 490 сом.
SIM-картанын статусун "Мой О!" тиркемесинен көзөмөлдөсө болот – болгону бардык түзүлүштөрдүн SIM-карталарын "Менин номерлериме" кошуп коюңуз да, алардын балансын байкап туруңуз жана керектүү учурда "О!Деньги" капчыгы аркылуу толуктап туруңуз.
Бул тарифти O!Store тармагынын каалаган филиалынан кошуп алса болот.
Кененирээк маалымат m2m.o.kg сайтында. Наркы КНС жана СС салыгы эсепке алынып көрсөтүлгөн.
"Акылдуу түзүлүш" тарифи – акылдуу буюмдар үчүн атайын чечим.