Актёр жана "тамашоучу" Рүстөм Аскенов экинчи ирет ата болду. Келинчеги Гүлзада Мүзүралиева 30-майда төрөт үйлөрдүн биринде уул баланы жарыкка алып келди.
"Биз эми төртөө болдук. Кудайга чексиз шүгүрлөр болсун! Ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөрдө сүйүнүч, жакшы кабарлар, кубанычтар болсун. Куттуктооңуздарга ыраазыбыз", - дейт маңдайы жарыла кубанган актёр.
Түгөйлөр 2019-жылы баш кошуп, 2020-жылы кыздуу болушкан.