Ысык-Көлдө 15 жана 24 жаштагы жарандар айылдашынын өлүмүнө шектелип камакка алынды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук соту айылдашынын өлүмүнө шектүү делген 24 жаштагы Ж.Б.ны 2 айга, 15 жаштагы К.Ж.ны 1 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-май күнү милицияга Ак-Кочкор айылындагы суунун жээгинде 20-25 жаштагы белгисиз жарандын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерден милиция кызматкерлери кан болгон таштарды табышкан. Маркумдун аты-жөнү аныкталып ал ошол айылдын 25 жаштагы Б.У. аттуу тургуну экени аныкталган. Ал 5-май күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Жогорудагы факты боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Белгилүү болгондой 5-май күнү маркум жана кылмышка шектүү Ж.Б.нын ортосунда пикир келишпестик орун алып, шектүү маркумду бир нече ирет чапкан. Маркум эс-учун жоготкон учурда шектүүлөр аны суунун жээгине алып барып таштап салышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан