Бишкекте 3 жаштагы бала ачык турган кудукка түшүп кеткен

Бишкекте 3 жаштагы бала ачык турган кудукка түшүп кеткен. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу жазып чыккан.

Маалыматка ылайык, бала Чокморов жана Манас кең көчөсүнүн кесилишиндеги капкагы жок турган кудукка түшүп кеткен.

"Дүкөндөн балдарым менен келе жаткам. Балдарым көк майсаң менен басып бара жатышкан. Чокморов көчөсүнө жетпей кичүү балам менин көз алдымда ачык турган кудукка түшүп кетип, кыйкыра баштады. Жолдошум суусу бар кудукка секирип баламды алып чыкты. Бактыга жараша, балам эч нерсесин сындырган жок. Күүгүм кирип калгандыктан биз дагы, балам дагы ачык турган кудукту байкабаптырбыз. Бишкек мэриясынан аталган жерге көңүл бурууну талап кылабыз", - деп жазган колдонуучу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан