Алмазбек Атамбаевге 2010-жылдагы Июнь окуялары боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Маалыматка ылайык, тергөө Атамбаевди алгачкы суракка чакырган, бирок ал андан баш тарткан. Жактоочусунун айтымында, мурдагы президент кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип жатат.
"Алмазбек Атамбаевдин позициясы мурдатан белгилүү", - деген Слесарев.
20-май күнү аталган иш боюнча убактылуу өкмөттүн 4 мүчөсү дагы күнөөлүү делген. Алмазбек Атамбаев 2010-жылы убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары болуп, экономикалык блокту караган.